Азымбакиев Малайзиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын пезидентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев кыргыз делегациясынын Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышуусунун алкагында Малайзиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Аднан Зайнали менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк чөйрөсүндөгү кыргыз-малайзия кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле мурда кол коюлган Кыргызстандын Улуттук банкынын жана Малайзиянын Улуттук банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумун жаңылоону талкуулашты.

Аны менен бирге ислам банкинги жаатында кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргызстанда малайзиялык банктардын филиалдарын жана корреспонденттик эсептерин ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий