Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. 2024-жылы өлкө аймагы боюнча 1 млн 34 миң 196 айдоочу жол эрежелерин бузганы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жол эрежелерин бузгандардын көпчүлүгү жол белгилерине баш ийбегендер, ылдамдыкты ашырып айдагандар жана коопсуздук курун тагынбагандар.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, бир жыл ичиндеги жол эрежелерин бузгандарды бөлүп карай турган болсок:
- Мас абалында унаа башкарган 13 миң 496 айдоочу;
- Ылдамдыкты ашырып айдаган 187 миң 726 айдоочу;
- Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 3 487 айдоочу;
- Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 11 миң 590 айдоочу;
- Автоээнбаштык кылган 563 айдоочу;
- Жол белгилерине баш ийбеген 428 миң 41 айдоочу;
- Коопсуздук курун тагынбаган 127 миң 311 айдоочу.
Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 104 миң 476 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Пикир
Оставить комментарий