“Бөбөк сенин жомогуң” сынагы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган “Бөбөк, сенин жомогуң” аттуу сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кенже балдар жана жеткинчектер арасында маданий-интеллектуалдык сынак мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, бөбөктөрдүн адабий тилди үйрөнүүсүнө шарт түзүү, жаш муунду улуттук баалуулуктар менен тарбиялоо, ата-энелердин балдарга болгон камкордугун күчөтүү, китепканалардын ишин жандандыруу максатында уюштурулган.

Ага Бишкек шаарындагы мектептер, бала бакчалар жана китепканалар катышты.

Ал эми жыйынтыктоо иш-чарасы бүгүн, 12-декабрда Улуттук адабият күнүнүн урматына өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана башка сыйлыктар ыйгарылып, жалпы катышуучуларга белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий