Бишкек, 19.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинде күчүн сынайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.
Эки балбан бүгүн, 19-февралда, Бишкек убактысы менен саат 14:30да килем үстүнө чыгат.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында индиялык Сумит менен күрөшөт. Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта грузиялык Бека Мамукашвилиге каршы чыгат.
Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков коло байгеге татыган.
Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.
Пикир
Оставить комментарий