Бүгүн Алматыда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Бүгүн Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны өтөт.

Иш-чарага Евразия экономикалык биримдигинде кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.

Өкмөт башчы ЕӨАК тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат, анда интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары талкууланат.

Мындан тышкары өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумунун ишине катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий