Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Бүгүн Ат-Башы районунда 16 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.
Анын айтымында, илдеттен айыккандардын арасында медкызматкерлер болгон.
"Бүгүн саат 10:00дө Ат-Башы районунда 16 адам оорудан айыгып чыкты. Анын ичинде үчөө медицина кызматкерлери болгон. Алардын баары үй карантинине чыгарылды", - дейт ал.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
Пикир
Оставить комментарий