• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бүгүн Бек-Абад көзөмөл өткөрүү бекети убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бек-Абад көзөмөл өткөрүү бекети убактылуу жабылат.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөрүү пунктунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо-курулуш иштерине байланыштуу саат 15:00дөн 18:00гө чейин адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат.

Белгилей кетсек, “Бек-Абад – автожол” өткөрүү пункту – Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан көп тараптуу өткөрүү пункту.

Пикир

Оставить комментарий