• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бүгүн Бишкек эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчү тасмалар аныкталат

Маданият 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бишкек эл аралык фестивалынын алкагында сынакка коюлган тасмалар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек эл аралык кино фестивалынын алкагында эки күндөн бери "Ала-Тоо" жана "Манас" кинотеатрында улуттук жана эл аралык сынакка катышкан тасмалар көрсөтүлүүдө.

Тасмалардын жүрүшүнө дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан турган калыстар тобу атап айтканда, Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён, Гүлсара Ажыбекова жана башкалар көз салууда.

Фестивалда эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма сынга коюлду.

"Жыйынтыгы бүгүн, 21-ноябрда фестивалдын салтанаттуу жабылышы аземинде белгилүү болот. Азем А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, сүрөттөр "Ала-Тоо" кинотеатрында "Эсимде" (Кыргызстан, режиссёру Актан Арым Кубат) жана “Айкай” (Казакстан, режиссёру Кенжебек Шайкаков) тасмасы көрсөтүлүп жаткан учурда тартылды.

Пикир

Оставить комментарий