• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Бишкекте "Жыл мугалими" сынагы старт алды

Билим 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Газпром-Кыргызстан мектебинде “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтен маалымдалгандай, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, сынак 5-октябрга чейин уланат.

Сынактын негизги максаты - башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, бул чоң байге коюлган жана мугалимдер жапырт түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий