Бүгүн Бишкекте “Эргүү” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда “Эргүү” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 18:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз Улуттук академиялык драма театрында башталат.

Белгилей кетсек, “Эргүү” сыйлыгы 2014-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.

Пикир

Оставить комментарий