• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бүгүн Бишкекте журналист Чынара Асанованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте журналист Чынара Асанованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Маркум менен коштошуу иш-чарасы саат 12:00дө Көк-Жар айылы, Алымбаев көчөсү, 15-үйдө өтөт.

Асанова узакка созулган оорудан кийин 22-мартта Улуттук хирургия борборунда каза болгону белгиленди.

Маалымат үчүн: Чынара Асанова 1965-жылы 7-майда туулган, Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Ал журналистика тармагында 20 жылдан ашык эмгектенип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматын жетектеген, андан тышкары «Кабар» КУМАда жана КР президентинин аппаратында иштеген.

«Кабар»агенттигинин жалпы жамааты Чынара Асанованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий