Бишкектеги түнкү башаламандык. Бүгүн Пакистанга жети каттам учат

Коом 0


Бишкек, 21.05.24. / Кабар/. Бүгүн Бишкектен Пакистанга 7 каттам учат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдардын экөө туруктуу каттамдар, ал эми калгандары болсо Пакистан бийлиги тарабынан демилгеленген атайын каттамдар.

"Учактар Исламабад, Пешавар жана Лахорго шаарларына жөнөйт. Бүгүнкү ырааттама боюнча жети каттамдын учуусу пландалган. Эртеңкиге карата азырынча маалымат жок", - деп белгилешти аэропорттон.

Белгилей кетсек, 17-майдан 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктерге, анын ичинде Пакистан менен Индиянын студенттерине каршы башаламандыктар орун алган. Буга социалдык тармактарда кыргыз балдарды чет элдик жарандардын сабап жаткан видеосунун тараганы себеп болгон. Милиция абалды жөнгө салгандан кийин чогулгандар таңга жуук тарап кетишкен. Укук коргоо кызматкерлери бул окуяга боюнча кылмыш иштерин козгоду. Учурда окуяга тиешеси бар делген шектүүлөрдү аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Видео koroche.kg телеграмм каналынан алынды

Пикир

Оставить комментарий