• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бүгүн Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда ысык суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жылуулук тармагында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу бүгүн, 23-октябрда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районунда №6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөрдө, Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөр, ошондой эле Р.Санатбаев атындагы спорт мектеби (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчада (Чыгыш-5, 18/1) ысык суу болбойт.

Белгиленгендей, сапаттуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу максатында жогоруда аталган участокто 40 жылдан ашуун убакыттан бери иштетилген, эскирген түтүктөр алмаштырылып жатат.

Бишкек мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий