• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бүгүн Чемпиондор лигасынын 4-турунун оюндары башталат

Спорт 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Чемпиондор лигасынын 4-турунун оюндары башталат.

Бишкек убактысы менен саат 23:55те испаниялык "Барселона" менен чехиялык "Славия" жана россиялык "Зенит" менен германиялык "Лейпциг" командалары оюн өткөрөт.

Ошондой эле 6-ноябрга караган түнү саат 02:00дө "Ливерпуль" командасы "Генк" клубу менен беттешет. Италиялык "Наполи" менен "Ред Булл", "Валенсия" менен "Лилль", "Лион" менен "Бенфика", "Челси" менен "Аякс" жана "Интер" менен "Боруссия" командалары талаага чыгат.

Мелдешке 32 клуб катышууда.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 2018-2019-жылкы сезонунда "Ливерпуль" клубу жеңүүчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий