• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бүгүн дагы 179 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 42 миң 325 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 19-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 179 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 42 миң 325 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 39
  • Ош – 8
  • Чүй облусу – 17
  • Ош облусу - 24
  • Талас облусу – 1
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 39
  • Жалал-Абад облусу – 26
  • Баткен облусу - 22

Пикир

Оставить комментарий