• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бүгүн Энергетика министрлиги тарабынан 7 жаңы обьект ачылды. Тизме

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 7 обьекттин ачылыш аземи онлайн режимде өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков Камбар-Ата-1 ГЭСинин туннелинин толук казылып бүткөндүгүнө күбө болушту. Туннелдин бургулоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталган. Ал эми энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Ош облусундагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Загара-2 көмүр кенинин ачылыш азменине катышты.

Жаңы ачылган өнөр жай ишканаларынын тизмеси:

1. Камбар-Ата-1 ГЭСинин туннели толук казылып бүттү. Туннелдин жалпы узундугу 1387.17 метрди түзөт. Советтер Союзунун тушунда 1262 метр казылып, 126 метр калган. Калган бөлүгүн казуу иштери бир жыл, төрт айда бүттү. Бул туннель аркылуу Камбар-Ата-1 ГЭСине керектүү жабдыктар жеткирилет.

2. Жалал-Абад электр тармактар ишканасына караштуу Сузак энергия сатуу ишканасынын жаңы административдик имараты жаныланды. Курулушка 14 млн 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Мында кызматкерлердин иштөөсүнө да, керектөөчүлөрдү сапатуу тейлөөдө да ыңгайлуу шарт түзүлдү.

3. Нарын электр тармактар ишканасынын базасында темир-бетон чыгаруучу цех ишке берилди. Учурда айына СВ-95 жана СВ-105 үлгүсүндөгү 120 даана темир-бетон мамычалар чыгарылууда. Мындан тышкары, трансформатордун алдына коюлуучу шакекче (кольцо), кабель жатуучу каналдар жана трансформатордун айланасындагы тосмолорду чыгаруу пландалууда. Аталган темир-бетон цехи капиталдык курулуштун эсебинен салынып 33,3 млн сомду түздү.

4. Баткенде Урмизан-3 кенинде ачык жол менен көмүр казып алуу башталды. Көмүр кен 100% мамлекеттик үлүштө болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 3 млн АКШ долларын түзөт.

5. Ошто Загара-2 көмүр кени ишке кирди. Көмүр кен 100% мамлекеттин карамагында болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 5 млн АКШ долларына жетет.

6. Исфайрам-1 чакан ГЭСи “Ак-Буура Групп” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишке ашырылган. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун Аустам участогунда жайгашкан. Жалпы кубаттуулугу 4 МВт, электр энергиясын өндүрүүсү жылына 3,5 млн. кВт/с. Түзөт. Инвестициялык долбоор 3 млн АКШ долларына бааланат.

7. “Кара Кой Жарыгы” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишке ашырылган Курак-Тектир чакан ГЭСи пайдаланууга берилди. ГЭС Ош облусунун Ноокат районун Курак-Тектир участогунда жайгашкан. Жалпы кубаттуулугу 0,6 МВт, электр энергиясын өндүрүүсү жылына 34,56 млн. кВт/с. түзөт.

Пикир

Оставить комментарий