Бүгүн-эртең жолго чыкпай туруңуз! Бишкек - Ош унаа жолу жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.24. /Кабар/. Селдин кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, 6 аймактан таштар кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.

ӨКМ мындан улам жарандарды 23-24-июнь күндөрү сапарга чыкпай турууну эскертет.

Учурда жерине 10 куткаруучу, 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери башталды.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий