• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бүгүн Евро-2024 чемпионатынын жарым финалдык беттештери башталат

Коом 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Германияда футбол боюнча Европа чемпионатынын оюндары уланууда.

10-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө жарым финалда Испания менен Франция беттеши болот. Оюн Мюнхендеги 75 миң күйөрманды батыра турган “Альянц-Арена” стадионунда орун алат.

¼ финалда Испания Германияны 2:1 эсебинде уткан, ал эми Франция Португалияны пенальти сериясында 5:3 эсебинде жеңген.

Ошондой эле 11-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө Англия менен Нидерландия кез келет. Буга чейин чейрек финалда Англия Швейцарияны 5:3, Нидерландия Түркияны 2:1 менен уткан.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтүүдө. Буга чейинки турнирди Италиянын курамасы уткан. Евро-2020 мелдешинин финалында италиялыктар англичандарды пенальти менен 3:2 эсебинде жеңген болчу.

Пикир

Оставить комментарий