• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бүгүн Кыргызстан менен Ирандын футбол курамаларынын беттеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында алгачкы беттешинде Иранга каршы ойнойт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюн Ирандын Исфахан шаарына жакын 15 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Фуладшехр стадионунда өтөт.

Белгиленгендей, беттеш УТРК Спорт жана Кыргыз Спорт ТВ (кабелдик түйүндөр) каналдарынан түз алып көрсөтүлөт. Ошондой эле күйөрмандарга оюнду бирге көрүү үчүн Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында фан-зона уюштурулат. Башталышы 20:00.

Эскерте кетсек, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

Пикир

Оставить комментарий