• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бүгүн Кыргызстанда 45 жаңы объект ачылды

Экономика 0

Бишкек, 14.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда 45 жаңы объект ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, жаңы объектилердин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн катышты.
Бүгүн ишке берилген объекттердин арасында турак үйлөр, мектеп, бала бакча, өндүрүш ишканалары жана башкалар бар.

Баткен облусунда 25 объект ачылды:

  • 4 – административдик имарат;
  • 4 – кызматтык турак үй;
  • 3 – тигүүчү цех;
  • 3 – эс алуучу парк;
  • 3 – спорт зал;
  • 2 – мектеп;
  • 2 – бала бакча;
  • 2 – логистикалык борбор;
  • 1 – лаборатория;
  • 1 – ишкана;

Ош облусунда 10 объект:

  • 3 өнөр жай;
  • 3 – бала бакча;
  • 2 – мектеп;
  • 2 – үй бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • 2 – тигүүчү цех;
  • 1 – көмүрдү кайра иштетүүчү ишкана;

Ысык-Көл облусу боюнча 4 объект:

  • Лесное айылындагы (Теплоключенка) кичи ГЭС;
  • Жаңы-Арык айылындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана;
  • Балыкчы шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу;
  • Түп айылындагы райондук жалпы дарыгердик практика борбору ачылат.

Нарын облусунда 3 объект ишке берилди:

  • Төш-Булак, Орук-Там, Ак-Кыя жана Орто-Саз, Жаңы-жол айылдарындагы таза суу системасы;
  • Эчки-Башы айылында ФАП;

Жалал-Абад облусунда 2 обьект:

  • Жазгак айылындагы № 34 Жазгак жалпы билим берүүчү мектебинин спорт залы;
  • Арстанбап айылындагы №50 мектепке чейинки билим берүү уюму ачылды.

Талас облусунда 1 объект:

  • Акназаров айыл аймагында Кызыл-Жар жана Жалпактил каналы пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий