• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бүгүн Кыргызстанда абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу башталды

Билим 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 тур менен өтөт:

I тур – 15–20-июль

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 15-17-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 18-июль саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 18-20-июль саат 16:00гө чейин.

"Абитуриент онлайн" сайты - https://2020.edu.gov.kg/vuz

ЖОЖдор жөнүндө маалымат - https://2020.edu.gov.kg/universities

Нускамага шилтеме:

кыргыз тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=qtJ9tMgIPhM

орус тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=9hWSJA7dGGM

Пикир

Оставить комментарий