Бүгүн кыргызстандыктар Күн системасындагы 6 планетанын парадын көрө алышат

Дүйнө 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Күн системасында 20 жылда бир болуучу планеталардын парадын көрүүгө болот. Анда алты планета – Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун бир катарга тизилет, деп билдирет StarWalk.

Планеталардын төртөө (Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн) оңой көрүнүп, ал эми Уран менен Нептунду көрүү үчүн атайын оптика - телескоп, же күчтүү дүрбү керек болот.

Ошол эле учурда ачык булактардан алынган маалыматтар ар кандай. Айрым эксперттер планеталар парады такыр көрүнбөй турганын айтышат.

Пикир

Оставить комментарий