• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бүгүн Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөөгө 44 адам чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн жалпы 44 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде ӨКМдин 15 куткаруучусу, Ички иштер министрлигинин 22 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 7 адам бар.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий