Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда саат 7:09да Нарын облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айылдарында эки баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Пикир
Оставить комментарий