Бүгүн окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук этабы башталды

Билим 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда 2022-2023-окуу жылында окуучулардын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышууда.

Эскерте кетсек, олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий