Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында жергиликтүү активисттер жана шаар бийлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу «Парктар - Ош шаарынын негизги жери» деген темада өтөт. Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан” фондунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун катышуучулары бир катар маселелерди, анын ичинде парктарды реконструкциялоодо коррупциянын алдын алуу, парк зоналарын ачык жана эффективдүү башкарууну киргизүү көтөрүлөт.
Иш-чара "Интербилим эл аралык борбору" коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы жана Теле-академиянын журналисттери Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко тарабынан, «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Өлкөнүн түштүк борборундагы сейил бактар боюнча жүргүзүлгөн акыркы журналисттик иликтөөлөр парктарды реконструкциялоо жана куруу процесстеринде ачыктык жоктугун, демек, иштин сапаты төмөн деңгээлде жүргүзүлүп жатканын көрсөтүүдө.
Активисттердин, шаардыктардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунун негизги максаты - келип чыккан көйгөйлөрдү оң чечүү мүмкүнчүлүктөрүн жана Ош шаарындагы сейил бактарын өнүктүрүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү маселелерди жана идеяларды көтөрүүнү көздөшүүдө:
• Парктарды реконструкциялоодо коррупцияны кантип алдын алуу керек?
• Шаардык парктар кандай болушу керек?
• Эмне үчүн парк - бул бир эле жерде жана көп дарактар өскөн жер эмес?
• Заманбап шаардык парктын милдеттери кандай?
• Эмне үчүн шаардын жашоосуна жаратылыш маанилүү?
• Жакшы парктын дизайнын кантип түзүү керек?
• Паркты кантип жеке менчик кылуу керек?
• Өнөр жай ландшафтындагы парктар.
Пикир
Оставить комментарий