• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бүгүн Парижде XVII жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 28.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн Парижде XVII жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Иш-чараны утурлай күн мурун Кыргызстандын паралимпиадалык курамасы Парижге жеткен.

Паралимпиаданын ачылыш салтанаты Олимпиада оюндарындай эле стадиондо болбойт, бул ирет параспортчулар Елисей талаалары бульварын бойлой басып өтүшөт. Муну менен Франциянын маданий жана тарыхый мурастарына басым жасоого маани берилүүдө. 65 миңдей көрүүчү катышуучуларды салтанаттуу түрдө тосуп алаышат.

Паралимпиада 8-сентябрга чейин өтөт. Мелдешке 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышат. Анда спорттун 22 түрү боюнча беттештер Олимпиада өткөн 16 стадион жана ареналарда орун алмакчы. Жалпысынан 549 медал топтомдору ойнотулат.

Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Алар: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

Белгилей кетсек, Бишкекте 21-августта мамлекеттик туу Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырылып, спортчулар Парижге узатылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий