• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бүгүн түнү кыргызстандыктар банк карталары менен операция жүргүзө алышпайт

Экономика 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Бүгүн кечинде Кыргызстанда банк карталары боюнча бардык транзакциялар жеткиликсиз болот, деп билдирет Банктар аралык процессинг борбору.

Ведомствонун маалыматы боюнча, "ПМЦ" ЖАК тарабынан техникалык иштерге байланыштуу 2024-жылдын 6-июнунда саат 01:00дөн 06:00гө чейин "Elkart", VISA, UPI, MasterCard карталары боюнча бардык транзакциялар, ошондой эле "Elkart Mobile" жана "Elkart Trade" тиркемелериндеги кызматтар жеткиликсиз болот.

"Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий