Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки кичи районунда суу болбойт

Аймак 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки кичи районунда суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу бүгүн, 19-июнда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Спутник, Көк-Арт кичи райондоруна суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, суу камдап алуусун өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий