Бүгүн Жалал-Абаддын Спутник, Көк-Арт кичирайондорунда суу берүү убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда суу берүү убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу түтүгү жарылгандыктан оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 12:30дан 16:00гө чейин шаардын Спутник, Көк-Арт кичи райондорунда суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

Учурда "Жалал-Абад сууканал" башкармалыгынын жумушчулар жеринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий