Бүгүн Жогорку Кеңештин VII сессиясынын иши жыйынтыкталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кенештин VII сессиясынын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.

Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий