Кыргызстанда бүгүндөн тарта ата мекендик өндүрүштөгү паспорттор бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Бүгүндөн тарта ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.

“Бүгүн мамлекетибиз ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүн берип баштайт. Мурда жалпы жарандык паспорт Германия, ал эми ID-карта Түштүк Кореядан даярдалчу. Ал үчүн мамлекет чет элдик компанияларга 15 млрд сомдун тегерегинде акча каражатын жумшаган”, - деп жазган Орунбеков.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси белгилегендей, мындан ары паспорттун эки түрү тең президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасында даярдалып, мурдагы паспортко салыштырмалуу бир нече көп коргоо элементтери кошулуп, дүйнөдөгү ондукка кирген сапатта болот.

“Эми мурдагыдай жасалма паспортторду даярдоо, шылуундуктарга жол берилбейт, миллиарддаган акча каражатыбыз мамлекетте калат”, - деп кошумчалады ал.

Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу түрдө атамекендик өндүрүштөгү ID-паспорт жана жалпы жарандык паспортту алгачкы жарандарга тапшыруу аземи бүгүн, 31-майда саат 16.00дө Бишкек шаарындагы Калкты каттоо департаментинин имаратында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий