Бүгүндөн тарта Бишкек – Балыкчы багыты боюнча поезд каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкек – Балыкчы – Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу поезди каттай баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан поездде 232 жүргүнчү Балыкчыга чейин барышты. Курамда 9 вагон: 5 стандарттык, 1 люкс, 2 VIP жана 1 даана вагон-генератор камтылган.

Бул маанилүү иш-чарага карата “Тумар” радиосу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте "Биринчи смена поездде" программасын түз уктуруу уюштурду. Бул уктуруунун алкагында чакырылган ата мекендик жылдыздар жүргүнчүлөрдү концерттик номерлери менен кубандырып, популярдуу ырларды аткарышты.

Белгилей кетсек, буга чейин "Кыргыз темир жолу" Бишкек – Балыкчы – Бишкек жүргүнчүлөр каттамы үчүн кезектеги VIP-вагонун ишке киргизген.

Эскерте кетсек, 14-июндан 14-июлга чейин Бишкек-2 борбордук бекетинен жума, ишемби жана жекшемби күндөрү, андан соң 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттай баштайт. Поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:46да келет, кечкиси Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, Бишкек-2 станциясына саат 22:18де келет.

Баалары:

Стандарттык вагондор:

  • 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 73 сом.
  • 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 150 сом.

Люкс вагону:

  • 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 250 сом.
  • 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 500 сом.

VIP вагондору:

  • 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 400 сом.
  • 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 800 сом.

Толук маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз же төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (0312) 30-02-09, 92-68-54, 92-68-40, 0 705 07-66-96.

Пикир

Оставить комментарий