• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүнкү күндө кыргыз бизнеси өнүгүүдө — “Азия Банкынын” жетекчиси

Экономика 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкекте Евробиримдиги менен Борбор Азиянын бизнес өнөктөштүгүнө арналган форум өтөт. Иш-чарада кандай маселелер карала турганын “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Азия Банкы” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева кененирээк айтып берди.

Анын айтымында, Борбор Азия аймагы инвесторлорду көп кызыктырбайт жана ал инвесторлордун картасында да белгиленбейт.

“Бирок акыркы беш жылдын ичинде биз өзүбүздү бирдиктүү аймак катары кантип көрсөтөбүз деген маселе катуу талкууланып жатат. Анткени мына ушундай жол менен гана инвестиция тартуучу өлкө боло алабыз. Эми Борбор Азиянын аймактарын өнүктүрүү үчүн белгилүү бир демилгелер түзүлүүдө, - деди ал.

Бейшеналиева кошумчалагандай, өлкөнүн ИДПсынын жалпы рыногу 255 миллиард долларды түзөт, аны Борбордук Американын - Финляндия же Чилинин ИДПсына салыштырууга болот. Бейшеналиева белгилегендей, эртең Бишкекте Евробиримдиги менен Борбор Азиянын бизнес өнөктөштүгүнө арналган маанилүү иш-чара өтүп, анда Борбор Азия аймагындагы бизнес жана инвестиция маселелери талкууланат.

“Бүгүнкү күндө кыргыз бизнеси өнүгүүдө, тактап айтканда, башка өлкөлөрдө филиалдар ачылып, кеңейүүдө. Жалпысынан дүйнөнүн экономикасы Азия тарапка ооп келе жатат. Биз жакшы геосаясий жерде жайгашканбыз. Ошондуктан мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышыбыз керек”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий