• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр өлкөгө 56 млрд 751 млн сомго карыздар – МСК

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр өлкөгө 56 млрд 751 млн сомго карыздар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммасы 58 млрд 877,3 млн сомду түздү. Алардын ичинен 211 миң 898 субъекттин салык боюнча 56 млрд 751,7 млн сомдук, ал эми 48 миң 663 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 млрд 125,6 млн сомдук карызы бар.

“Салык кызматы салык карыздарын өндүрүү боюнча иштердин алкагында бюджетке 16 млрд 657,7 млн сом түшүрдү. Анын ичинен салыктар боюнча 15 млрд 763,3 млн сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 894,4 млн сом чогултулду. Учурдан пайдаланып, биз жарандарды мамлекетке өз убагында салыктарды төлөө керектигин айтып кетет элек”, - деди Алиев.

Пикир

Оставить комментарий