• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

1-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн, 1-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын жергесинде +22…+27 градус болот.

Бишкек шаарында күн +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градус ысык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий