• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А.Мадумаровдун акыркы он жылда жасаган жана келечекте аткарылуучу иштери боюнча программалык билдирүүсү

Шайлоо 2020 0


Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун акыркы он жылда жасаган жана келечекте аткарылуучу иштери боюнча программалык билдирүүсү:

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы өлкөдө жүрүп жаткан саясий жараяндарга эч качан кайдыгер болуп карап турган эмес. Президенттик шайлоодо партия талапкерин көрсөтүп, күрөшкө чыктык. Ал шайлоонун кандай өткөнү боюнча маалымат бергенбиз. Биз мына ошол президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган жалгыз партиябыз. Азыр да мына ошол көз карашыбызда турабыз. Президенттик шайлоо мезгилинде Конституциянын, Конституциялык мыйзамдардын бузулушун ачыктан-ачык айтып сындап келгенбиз, мына ошол позициябыздан кылдай кыйшайган жокпуз. Мына ошол позициянын платформасында эки чоң эл аралык кыймыл пайда болду. Бул “Мен макул эмесмин” жана”Менин укугум бар” деген кыймылдар.

“Мен макул эмесмин” кыймылы биздин мамлекеттик-административдик, күч органдары жарандарга басым көрсөтпөсүн, добуш берүүгө мажбурлабасын деген талап коюп чыккан. Кыргыз жараны өз добушуна өзү ээ болсо деген талап. Жарандарды айдап барып, бийлик каалаган партияга, талапкерге салдырууга жол берилбеш керек. Биздин Конституциянын 2- беренесинде “бийликтин бирден бир туткасы, мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн кожоюну Кыргызстандын эли” деп турат. Демек, Кыргызстандын эли эркин шайланууга, шайлоого жана эркин билдирүүгө укуктуу. “Мен макул эмесмин” деген сөздүн түпкү мааниси “мен кул эмесмин” дегенде турат. Биздин партиянын позициясы мына ушул бойдон бекем турат.

“Менин укугум бар” деген кыймыл эмне үчүн түзүлдү? Бизде жүз миңдеген шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай калышат. Кадамжай районунда сүйлөгөн энекебиздин үнү ушул кезге чейин кулагымда жаңырып турат. “Мен Курушуптан бери (Хрущевду айтып жатат) чалым экөөбүз ушул жерден добуш берип жүргөнбүз. Эми келип тизмеден өзүбүздү таппай калдык” дегени. Анткени Кадамжайдагы тизме Кеминден чыгып калып жатты. Кеминдеги жарандардын тизмеси Чоң-Алайдан, Чоң-Алайдын тургундарынын ысмы Ноокаттан чыгып калды. Мындай баш-аламандык өкмөттүн, бийликтин, ошол кездеги мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин өз элине жасаган аябай чоң кыянаттыгы болду. Биз мына ушуга макул эмеспиз. Анткени “Менин укугум бар шайлоого жана шайланууга”.

Биздин сыртта жүргөн мигранттарыбыздын добуш берүүсү өтө кыйындатылган. Россияда иштеп жүргөн жарандарыбыз консулдук каттоодон өткөн мезгилде да “кимге добуш бересиң” деп сурашып, эгерде бийликке эмес болсо, ур-сабоого алып, кабыргаларын сындырып, көчөгө таштап коюшту. Аны баарыңыздар көргөнсүздөр. Кыргыз элчилигинин жасаган иши ушундай болду.

Бүгүнкү күндө “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын, “Мен макул эмесмин”, “Менин укугум бар” кыймылдарынын жигердүү аракеттеринин натыйжасында Шайлоо кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Биз 200 миңден ашык кол топтой алдык. Өзгөртүүлөргө жетише алдык. Азыр сыртта жүргөн биздин азаматтарыбыз электрондук каттоодон өтүп, консулдук каттоого турса, чөнтөгүндө кыргыз паспорту болсо ал кайсы өлкөдө болбосун добуш бере алат. Мыйзам 30-июнда кабыл алынып, кол коюлду. Күчүнө кирди.

Кыргызстандагы кен байлыктар боюнча да “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өз позициясын ачык билдирип келди. Өзгөчө алтын иштетүү тармагы боюнча. Биз Кыргызстандын тоо-кен тармагына келген иневсторлордун талап-тоноочулук аракетине тикеден-тике каршыбыз.

Биз кыргыз парламентин партиялык тизме менен эмес, эл өзү тандап шайлап алуусуна жол ачууга убада кылабыз. Депутатты партия эмес, ар бир айыл өзү көрсөтүп, шайлап алыш керек. Партиялык тизме менен шайлоо деген системаны жоюшубуз керек. Тактап айтканда, бийликтин туткасы болгон элдин укугун өзүнө кайтарып беришибиз керек.

Материал "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий