• 87
  • 91.29
  • 0.84

УКМК: “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү парламентте мыйзамсыз иштеп жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн КР Жогорку Кеңешинде мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, фракциянын катчылыгынын эксперти – 1994-жылы туулган Алибаева Айгерим Абдижалиловна жана А.Мадумаровдун жардамчысы - 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азаматка карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча УКМК А.Кулмурзаевага, А.Алибаевага жана А.Муратбек уулуна кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. А.Алибаева менен А.Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен А.Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий