• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземинде 5 миңге жакын милиционер коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Бүтүрүүчүлөргө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана аттестаттарды тапшыруу аземинде республика боюнча 5 миңге жакын милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, милиция кызматкерлери билим берүү мекемелеринде кызмат өтөшөт, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.

ИИМ жалпы ата-энелер жана мугалимдерге кайрылып, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат.

"Тилекке каршы, акыркы коңгуроо аземин өткөрүүдө дагы коюлган чектөөлөргө карабастан айдоочулук күбөлүгү жок балдарга унаа башкарууга жол берген учурлар дагы кездешпей койгон жок", – деп билдиришти ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий