• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү – Бишкекте китеп жарманкеси уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Китеп – жан дүйнөнүн майрамы” аттуу иш-чарасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексинин алдында өткөн иш-чарада китеп жарманкеси ачылып, бир топ басмаканалар, акын-жазуучулар китептерин окурмандардын назарына тартуулашты.

“Китеп күнүнүн негизги максаты – Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында, окуу маданиятын көтөрүү, авторлордун, басма үйлөрүнүн, китепканачылардын, мугалимдердин жана башкалардын өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иш-чарада “Китеп искусствосу” улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Бул сынак улуттук китеп чыгаруунун жетишкендиктерин даңазалоо максатында министрлик тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Китеп күнүнө карата мындай иш-чаралар өлкөнүн жер-жерлериндеги китепканаларында жана мектептеринде ар кандай китеп көргөзмөлөр, акын жазуучулар менен жолугушуулар, концерттер, конкурстар, китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлүп жатат.

Иш-чара Мамлекеттик китеп палатасы, К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы, USAID “Окуу керемет” долбоору, Mercy Corps программасы менен биргеликте уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий