• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү дээрлик бир миллион кыргызстандыкты бириктирди

Бизнес 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. 14-сентябрь жана 21-сентябрда Кыргызстандын бардык аймагында ишембиликтер болоду. Масштабдуу экологиялык иш-чара - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жетекчилиги менен акция 1 миллионго жакын жаранды бириктирип, 9 миң тоннага жакын таштанды чогултулду.

Ишембиликке президент Садыр Жапаров өзү катышып, ар бир жарандын экологиялык аң-сезимин жана жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.

“Биз келечекти жана балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлошубуз керек. Тазалык – бул бизди курчап турган дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү”, - деди мамлекет башчы.

Бул демилгени Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да активдүү колдоп, борбор калаанын тургундарын шаарды тазалоого чыгууга чакырды. Анын катышуусу - миңдеген жарандарды мобилизациялоого салым кошту.

Салттуу иш-чараны өткөрүүдө Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн Кыргызстандагы элчиси Айжан Чыныбаева жетектеген “Эко Деми” коомдук фонду чоң роль ойноду. Фонд 7 жылдан бери өлкө боюнча ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн координациялап, экологиялык жоопкерчилик идеясын активдүү жайылтып келет.

“Улуттук ишембилик жогорку деңгээлде өттү, катышуу активдүү болду, экологиялык демилгелерге кызыгуу күчөп жатканын көрүп жатабыз. Эми Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнөн кийин, биз дагы да көбүрөөк адамдарды тартуу жана глобалдык экологиялык кыймылды колдоо максатыбыз ишке ашты деп айта алабыз. Бул жөн эле таштанды терүү эмес, бул планетанын келечеги үчүн ар бир адамдын жеке жоопкерчилигин түшүнүү”, - деп белгиледи Айжан Чыныбаева.

Ал ошондой эле мындай аракеттер жарандардын экологиялык аң-сезимине олуттуу таасирин тийгизерин баса белгиледи.

“Жыл сайын биз жарандардын таштандыларды өзүнчө чогултуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, бир жолу колдонулуучу пластикти колдонууну азайтып, экологиялык акцияларга барган сайын көбүрөөк катышып жатканын көрүп жатабыз. Биздин ишембилик күндөрүбүз экологиялык жоопкерчилик маданиятын калыптандыруунун маанилүү бөлүгү болуп калды. Адамдар таштандыларды өз колу менен тергенде жаратылышка, шаарга болгон мамилеси өзгөрөт. Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, ошондой эле волонтердук уюмдарга активдүү жардам көрсөткөндүгү жана ишембиликке катышкандыгы үчүн ӨКМге ыраазычылык билдирем”, - деди Чыныбаева.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү Кыргызстанда “Эко Деми” фондунун аракети менен алтынчы жыл катары менен өткөрүлүүдө. Акция калк арасында экологиялык аң-сезимди жана жаратылышты сыйлоо маданиятын жогорулатууга чыйыр салды.

Эске сала кетсек, 2022-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстанда жылына эки жолу – күз жана жаз айларында Улуттук тазалык күндөрү өткөрүлүп, анда мамлекеттик деңгээлде экологиялык маселелердин приоритеттүүлүгүнө басым жасалат.

Пикир

Оставить комментарий