• 87
  • 91.29
  • 0.84

Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматында төкмө акын Азамат Болгонбаев менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында кызматтын өздүк курамы менен эл акыны Азамат Болгонбаевдин жолугушуу маданий иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага кызматтын жетекчилиги, өздүк курамы жана ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тобунун кызматкери К.Чалова катышты.

Жолугушууну Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Улан Султанов келген конокторду, өздүк курамды куттуктоо сөзү менен баштап, мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Аны менен бирге Азамат Болгонбаевди эл акыны ардак наамын алышы менен жалпы жамааттын атынан куттуктады.

Жолугушуунун соңунда жетекчилик тарабынан кыргыз маданиятына, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошуп жаткан зор салымдары үчүн Болгонбаевге, Чаловага ыраазычылык каттар, баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий