• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баалуу дарактарды кыюуга мораторийди узартуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. 2007-жылга чейин Кыргызстандын токойлорунда жыш отургузулган жаңгак дарактары көп кыйылгандыктан Жогорку Кеңештеги депутаттар тобу демилге көтөрүп, породасы баалуу делген дарактарды кыюуга мораторийди 2030-жылга чейин узартууну сунушташууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, буга чейин дагы мораторийдин убактысы бир нече ирет узартылып, быйыл аягына чыккан. Бул боюнча "Парламент" радиосунун түз эфирине катышкан депутат Алмазбек Эргешов жаңгак жана арча дарактарын кыйгандан кийин, кайра анын ордун толтурууну милдеттендирген талаптар ишке ашырылаарын билдирди. Анын айтымында, кыйылган бир дарактын ордуна 100 дарак отургузулушу шарт.

"Ордо калаада реконструкциялоо жумуштары жүрүп жатат. Иштин жүрүшүндө бак-дарактарды кыюуга туура келген жерлер бар. Ага тиешелүү эрежелер жол берет,- дейт. Бүгүнкү күндө, шаар ичиндеги бак-дарактардын көбү Союз маалында олтургузулган. Андай бактар 1960-1970-жылдарга туура келет. Ошондуктан, бир тобунун жашоо мөөнөтү бүткөн. Андыктан, улуттук илимдер академиясынын чыгарып берген жыйынтыктарынын негизинде эскилиги жеткен бак-дарактар кыйлып, отун катары калктын аялуу катмарындагыларга таратылып берилет",-деп билдирди. Шаар ичинде кыйылган бак-дарактар эрежеге ылайык эмерек жасоодо да пайдаланылат. Ал үчүн, өз керектөөсүнө ала турган кишилер сатып алышат. Баасы –дарактын породасына жараша болот", - деди уктурууга катышкан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын агроному Жаныбек Жумалиев.

Акыркы учурларда табият кырсыгынан улам бак-дарактардын автоунаалар менен жарандарды басып калган учурлары катталууда. Мындай учурда, ким жоопкерчилик тартат деген суроого агроном Ж.Жумалиев, - “Эгерде мамлекеттик орган күнөөлүү болсо, жарандар сотко кайрылуу менен маселени чечүүгө мүмкүн”,– деди. Ал эми депутат А.Эргешов табияттын кырсыгын айтып болбостугун белгилеп, негизги жоопкерчилик маселесин камсыздандыруу иштери менен чечсе боло тургандыгын билдирди. Андай учурлардын, дүйнөлүк тажрыйбалары бир топ экендигин да мисалга келтирди.

Пикир

Оставить комментарий