Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Раззаков шаарында баасы 60,8 млн сомдук консерва цехинин күнөскана имараты жана жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК Раззаков шаарынын "Стандарт" участогунда жайгашкан консерва цехинин 2001-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.
Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча, аянты 0,76 гектар базар баасы 60 млн 800 миң сом болгон аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий