• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

"Манас" аэропортунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан сааттар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бажы кызматкерлери "Манас" аэропортунан 2,2 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кол сааттарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сааттар Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүнөн табылган.

"ТСКД" ЖЧКсынын дарегине "ROLEX" соода маркасынын 5 бирдик жана "PATEK PHILIPPE GENEVE" соода маркасынын 1 бирдик оригинал кол сааттары келген.

КРСоода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 2 млн 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.

Факт тиешелүү органдарга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий