• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бабановдун бошогон мандаты Дюшалиевге берилди

Саясат 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. 2018-жылдын 24-январында КР БШКнын отурумунда “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Дюшалиев Абдыбек Кашымбековичге берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 19-январында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутаты Бабанов Омурбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий