• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Бабур атындагы Ош театры Ташкенттин жашоочуларына Айтматовдун чыгармасынын негизинде спектакль тартуулайт

Дүйнө 0

Ташкент, 28.05.18 /Кабар/. Ташкенттеги өзбек улуттук академиялык драм театрында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз боюн жорткон ала дөбөт” чыгармасынын негизинде “Үмүт жылдызы” спектаклы коюлат.

Ташкент элине спектаклды Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драм театрынын актерлору ойношот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине театрдын директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Набижон Мамажанов билдирди.

Анын айтымында, спектакль залкар жазуучу Айтматовдун 90 жылдыгына арналат.

“Улуу жазуучунун чыгармасындагы каармандардын философиялык көз караштарын, адамдык сапаттарын жана жан дүйнөсүн кыргыз искусства чеберлеринин аткаруусунда Ташкенттик көрүүчүлөргө тартуулоону кааладык”, -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий