• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаровду куттуктады.

Куттуктоо текстинде төмөнкүдөй деп айтылат:

"Бир тууган кыргыз эли жаңы президентти шайлады. Бүгүн урматтуу Садыр Нургожо уулунун Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоодосундагы ишенимдүү жеңиши тууралуу кабарды өтө кубануу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров мырзаны чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Садыр Жапаров менен өлкөдөгү саясий окуялардан кийинки эле алгачкы күндөрдө жолугуп, Кыргызстандагы саясий туруктуулукту, мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө эки тараптуу жолугушуубузда кеңири талкуулаганбыз.

Түрк дүйнөсүнүн негизги бөлүгүнүн бири катары кыргыз элине тынчтык, биримдик, ынтымак, бейкутчулук каалаганбыз.

Жапаров мырза бул бийик миссияны Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти катары бийик абийирдүүлүк, ар-намыстуулук менен аткарат деген терең ишенимдебиз.

Ошондой эле Түрк мамлекеттери менен салттуу байланышты чыңдап, келечекке ишенимдүү кадам таштайт деген терең үмүттөбүз".

Пикир

Оставить комментарий