Баяман Эркинбаевдин элесине арналган турнирде КР спортчулары 18 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 19.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Баяман Эркинбаевдин элесине арналган алыш боюнча турнирде Кыргызстандык спортчулар 18 медаль утушту. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкекте 17-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында чоңдор арасында эл аралык алыш күрөшү боюнча Гран-При турниринин ачылышы болгон. Турнир коомдук жана саясий ишмер, бел боо күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин элесине арналган.

Бардыгы болуп турнирге 76 спортчу катышты. Ага Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулар жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова, Болгария, Литва, Нидерланды жана башка өлкөлөрдөн келген балбандар катышкан.

КР спортчулары 18 медаль утканга жетишкен, алардын алтоо алтын, 5 күмүш жана 7 коло медаль.

Пикир

Оставить комментарий