Байгараев “Бишкек жылуулук энерго” ишканасынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Баимбет Байгараев “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Азиз Суракматов кол койгон. Байгараев буга чейин ишкананын башкы инженери болгон. Ал “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасында 20 жылдан бери эмгектенип келет.

Эске сала кетсек, “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын экс-директору Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий